“WhatsApp”та видео конференция сыноодон өтүүдө

“WhatsApp”та видео конференция сыноодон өтүүдө
23-Май 2018, Шаршемби, 11:40

Дүйнөнүн эң көп колдонулаган мессенджерлеринин бири “WhatsApp” болуп саналат. Көп убакыттан бери күтүлүп келе жаткан видео конференция байланышын тесттик сынактан өткөрүлүп жатат. Ал бир убакта бир нече адамга видео чалууларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет.

Жакынкы күндөрүү бардык “Android” жана “iOS” колдонуучуларына бара-бара кол жетимдүү болот деп күтүлүүдө.

“WhatsApp” ушул айдын башында “F8 Developers” жыйынында бул тууралуу маалым болду.

Бир убакта бир нече колдонуучуга видеону көрүүгө мүмкүндүк берген бул функция азыркы күндө бир аз гана колдонуучуга текшерүү үчүн сунушталууда.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!