“Forbes” дүйнөдөгү эң кымбат бренддерди атады

“Forbes” дүйнөдөгү эң кымбат бренддерди атады
24-Май 2018, Бейшемби, 15:42

Америкалык “Forbes” журналы дүйнөдөгү эң кымбат бренддерди жарыялады. Тизмеде «Apple» бренди көч башчы болуп, анын баасын эксперттер 182,8 млрд. долларга баалашкан.

Экинчи орунда – “Google” бренди, ал жылына 30 пайызга арзандап - 132,1 миллиард долларга турмакчы.

Ал эми үчилтикти “Microsoft” компаниясы толуктап анын баасы 104 миллиард долларды түзгөн. Жыл ичинде анын баасы 21 пайызга өскөн.

Мындан сырткары биринчи ондукка “Facebook” (94,8 млрд $), “Amazon” (70,9 млрд $), “Coca-Cola” (57,3 млрд $), “Samsung” (47,6 млрд $), “Disney” (47,5 млрд $), “Toyota” (44,7 млрд $) жана “AT&T” (41,9 млрд $) кирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!