“Facebook” өзгөчө коргонуу ыкмасын киргизди

“Facebook” өзгөчө коргонуу ыкмасын киргизди
29-Май 2018, Шейшемби, 09:47

“Facebook” социалдык тармагы өз аккаунтуна кирүү үчүн телефон номерин талап кылбаган эки факторлуу аутентификация ыкмасын сунуштады. Бул тууралуу “лайф.ру” сайты маалымдайт.

Эми өз номерин көрсөтүүнү каалабаган колдонуучу эки факторлуу аутентификация функциясынын жардамы менен аккаунттарына кандай да бир кооптонгон учурда блоктоп койсо болот. Жаңы функция социалдык желеге кирүү үчүн паролго кошумча катары кодду жазууну сурайт. Буз сиздин аккаунтуңузду уруксатсыз колдонуучулардан коргойт. Мисалы, кибер-кылмышкерлер аккаунтуңузду урдаган учурда да аларга социалдык желеге кирүү үчүн кошумча кодду алуу керек. Ал эми код “sms” катарында сиздин номериңизге келип турат.

"Facebook" колдонуучуларына аутентификация кодун жибергенде текстеги маалыматтарды пайдаланат. Бирок хакерлер сиздин телефонуңузду көзөмөлгө алса, аталган кодду өздөрүнө өткөрүп алып, аккаунтуңузду бузуп алуулары мүмкүн экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!