“Facebook”тагы фейк колдонуучулар менен күрөш башталдыбы?

“Facebook”тагы фейк колдонуучулар менен күрөш башталдыбы?
30-Май 2018, Шаршемби, 11:34

Папуа-Жаңы Гвинея өкмөтү бир ай бою “Facebook” социалдык тармагынын иштөөсүнө тыюу салды. Бул менен жарандардын платформаны кандай максатта колдоноору, жалган маалыматтар менен порнографиянын таралуусун, ошондой эле фейк колдонуучуларды өчүрүш үчүн жасалды.

Дүйнөдөгү “Facebook” желесинин колдонуучуларынын жалпы саны - 2 миллиарддан ашык. Алардын канчасы Папуа-Жаңы Гвинеянын жарандары экени белгилүү эмес. Ошентсе да Бүткүл дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча, интернетке өлкөнүн 8 миллион тургунунун 10 пайызынан аз адамы кол жеткизе алат.

Дүйнөлүк желеге кирүүдөн баш тартуу жалган маалыматтарды аныктап, фейк колдонуучуларды фильтирлөөгө жардам бермекчи.

Мындан сырткары, өлкө башчылары башка мамлекеттердин “Facebook” менен карым-катнашта экенин аныктап көрүшмөкчү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!