“Telegram” “Apple”дин блоктоп жаткандыгы тууралуу айтты

“Telegram” “Apple”дин блоктоп жаткандыгы тууралуу айтты
31-Май 2018, Бейшемби, 09:50

Америкалык компания апрель айынын ортосунан тартып жаңылоолорду чыгартууга уруксат бербей келет. “Apple” компаниясы “Telegram”ды апрель айнан баштап сервистик жаңылоолоруна тыюу салганын кабарлады. Бул тууралуу компаниянын сайтында айтылган.

Көп коюлган суроолор бөлүмүндө “Apple” акыркы эки айда глобалдуу түрдө мессенджердин жаңылоосун блоктоп салганы белгиленген. Ошол себептен “Android” колдонуучулары 4.8.9 үлгүсүн колдонсо, ал эми “iPhone” ээлери үчүн бул кол жетимдүү эмес. Жаңы үлгүдө иштеп чыгуучулар жеке даректерди коргоо маселесине (GDPR) көңүл бөлүп, жасап чыгышкан.

Кечээ Роскомнадзор “Apple”ден бир ай ичинде “App Store”дон “Telegram” өчүрүүсүн талап кылды. Буга чейин аталган бөлүмдүн башчысы Александр Жаров блоктоо иштери ийгиликтүү ишке ашаарын убада кылган.

Эскерте кетсек, мессенджердин ээси Павел Дуров менен Роскомнадзордун ортосундагы тирешүү апрель айнын ортосунан бери активдүү түрдө жүрүп келе жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!