“Facebook” эң белгилүү сайттардын үчилтигине илинген жок

“Facebook” эң белгилүү сайттардын үчилтигине илинген жок
2-Июнь 2018, Ишемби, 11:12

“Reddit” оюн-зоок платформасы АКШдагы эң белгилүү сайттардын тизмесинде “Facebook” тиркемесин оозуп чыкты. Бул маалымат “Amazon”го тиешелүү “Alexa” компаниясынын рейтингине таянып жасалды.

““Reddit” “Facebook”ту төртүнчү орунга түшүрдү. Бешинчи орунга “Amazon” чыкты. Орточо эсеп менен алганда колдонуучулар “Reddit”ке 15 мүнөттөн ашык убакыт жумшаса, ал эми “Facebook”ка 11 мүнөт, “Amazon”до жети жарым мүнөт өткөрүшөт”,-деп кабарлайт “РИА Новости” сайты.

Алгачкы эки орунду “Google” жана ага тиешелүү “YouTube” видеохостинги ээледи. Ушул эки сайттын ар бирине колдонуучулар орточо эсеп менен күнүнө жети-сегиз мүнөт убакыт жумшашат.

Айта кетсек, “Alexa” рейтинги ай сайынкы трафикти талдоонун негизинде күнуне каралган беттердин жана орточо келүүчүлөрдүн санын эсепке алып отуруп жасады.

Ошентсе да дүйнөлүк рейтингте “Reddit” алтынчы орунда, ал эми “Facebook” үчүнчү орунда турат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!