«Samsung» ультра добуштук экран сканерине ээ болот

«Samsung» ультра добуштук экран сканерине ээ болот
4-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 09:26

«Samsung» компаниясы өзүнүн «Galaxy S10» смартфонунун экранын ультра добуштук манжа изи сканери менен жабдыктайт. Бул технологияны “Qualcomm” компаниясы даярдоодо. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты маалымдайт.

Бул гаджет компаниянын манжа изи сканери менен жабдыкталган биринчи смартфонго айланат.

Буга чейин “Samsung”дун атаандаштары – “Xiaomi”, “Vivo” жана “Huawei” компаниялары бул идеялардын үстүндө иштеп келген.

“Samsung” смартфондорунун келечегине арналган “AMOLED” экрандарын жасоо “Samsung Display” компаниясына таандык болуп саналат. Ошону менен бирге “Qualcomm” ультра добуштук сканерин да орноштурмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!