«Facebook” колдонуучулардын маалыматын дагы деле таратуудабы?

«Facebook” колдонуучулардын маалыматын дагы деле таратуудабы?
5-Июнь 2018, Шейшемби, 13:10

Бүгүнкү күндө “Facebook”тун колдонуучулар тууралуу маалыматты жибергендердин саны 60ка жуук. Алар келишим шарттарды “Apple”, “Microsoft”, “Amazon” жана “Samsung” компаниялары менен жасашкан. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты маалымдайт.

Бул келишим шарттардын негизги максаты “Facebook” желесинин башкаларга карганда позициясын турукташтырууга багытталган. Ошондой эле, бул жолу да Марк Цукербергтин колдонуучулар маалыматын коргой алаарына катыштуу дагы күмөн туудуруда.

Эскерте кетсек, 2018-жылдын март айында “Cambridge Analytica” 50 млн колдонучунун маалыматын алганы белгилүү болгондон кийин “Facebook” компаниясынын башы ызы-чууга кабылганы белгилүү.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!