“Apple” браузеринен ыр угууга болот

“Apple” браузеринен ыр угууга болот
5-Июнь 2018, Шейшемби, 13:19

Ушул убакытка чейин “Apple Music” веб-үлгүсүнөн ырдын үзүндүсүн гана угууга болор эле, эми мындан кийин толук ырды укса болот. Бул тууралуу “korrespondent.net” сайты билдирет.

“Apple” америкалык компаниясы ырды интернет-браузерден угууга мүмкүн болгудай жасады. Ыр угуу үчүн милдеттүү түрдө тиркелүү керек, ал эми тиркелбеген учурда мурункудай үзүндүсүн гана уга аласыз.

Ошенткени менен, плейбаракча куруу, альбом кошуу жана достордун баракчасын жаңыртканын көрүү азыр да мүмкүн эмес.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!