«Asus»тан сенсорлуу дисплейи бар ноутбук

«Asus»тан сенсорлуу дисплейи бар ноутбук
7-Июнь 2018, Бейшемби, 10:09

«Asus» компаниясы тачпаддын ордуна сенсорлуу экраны бар ноутбук чыгарды. 5,5 дюймдуу дисплейде керектүү программалар орун алган. «Asus UX580» аталышы менен белгилүү болгон «ZenBook Pro 15» ноутбугу тааныштырылды.

Тачпаддын ордундагы дисплейдин аралыгы – 1080р. Ага атайы программаларды орнотууга болот. Ал эми баштапкысында «Microsoft Office», «Spotify», «YouTubе», калькулятор жана башкалардан турган.

Жаңы ноутбук 4К дисплейи менен жабдыкталган. Процессору – «Intel Core i9-8950HK», ал эми видеокартасы – «GeForce GTX 1050 Ti». Оперативдүү эс тутуму 16 ГБ болсо, «SSD» эс тутуму 1 ТБ-ка барабар. Дал ушундай мүмкүндүккө ээ ноутбуктун баасы да кымбат. Баасы 2 300 доллар болмокчу. Сатыкка июль айынын ортосунда чыгат деп күтүлүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!