“Facebook” жеке маалыматтарды жарыялады

“Facebook” жеке маалыматтарды жарыялады
8-Июнь 2018, Жума, 10:21

“Facebook” социалдык тармагы 14 миллион колдонуучуга алардын кээ бир тар чөйрө үчүн каралган маалыматтары жалпыга жарыя болгонунун билдирди.

Белгилүү болгондой, тиркемеге кеткен катачылыктын кесепетинен авторлорго билдирбестен өзгөрүү жасалган. Натыйжасында, тар чөйрөдөгү досторго жөнөтүлгөн каттар менен публикациялар жалпыга кол жетимдүү болгон.

Катанын себеби жаңы функцияны текшерүү иштери болгон. “Facebook”тун өкулдөрү колдонуучулардан кечирим сурашты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!