Робот-бармен пайда болду

Робот-бармен пайда болду
9-Июнь 2018, Ишемби, 09:45

«Makr Shakr» деп аталган италиялык компания ар кандай коктейлди бир нече секундда жасап берген робот-бармен ойлоп тапты. Робот-бармендин аты – Nino.

Бул ушундан 5 жыл мурун Мадридде биринчи жолу сунушталган “Bionic Bar Makr Shakr” моделинин жакшыртылган түрү. Мобилдик кошумча аркылуу сураныш берген адамдын барына кызмат көрсөтө алган аппарат өтө тез кыймылдайт.

Бир убакта 170 бөтелкөнү аралаштырып, даамы өзгөчө суусундук даярдап берет.

"Nino, керек болсо, классикалык рецепттерден бөлөк, ар бир кардардын каалаган коктейлин жасоого да автоматташтырылган", – дейт “Makr Shakr” компаниясынын башчысы Ратти.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!