Япония учкан кол чатыр жасап чыгарды

Япония учкан кол чатыр жасап чыгарды
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 09:51

Азыркы заманда технологиялар менен ар түрдүү нерсени жасоого болот. Керек болсо жаан-чачынга деп арналган жөнөкөй кол чатырды да учурса болот экен.

Муну япондук “Asahi Power” компаниясы жакында уча турган кол чатырды сунушташды. Бул кол чатыр ээсин жамгырдан гана сактабай, колун да бошотот.

Кол чатырдын ичине дрон орнотулган. Кол чатырдын ээси дронду уюлдук телефонуна кошуп, башкарып турат. Ошону менен катар дрон телефондун камерасына кошулган. “Asahi Power Service” компаниясынын президенти жана негиздөөчүсү Кэндзи Сузуки мындай дейт:

«Учуучу кол чатыр тууралуу ой мага нөшөрлөп жамгыр жаап жаткан кезде келди. Ал кезде менин эки колумда ар түрдүү нерселер бар болчу. Азыркы учурда эң башкы максат кол чатырдын баасын төмөндөтүү жана дрондордун бири-бири менен урунуп калбоосун көзөмөлдөө».

Учуучу кол чатырдын салмагы 5 кг. Ал эми кубаты 20 мүнөткө чейин жетет. Эми компаниянын эксперттери түзүмдүн салмагын 1 кг чейин азайтып, кубатын 1 саатка чейин жеткирүү тууралуу ойлонуп жатышат.

Кол чатырдын баасы 275 доллар өлчөмүндө болуп, дүйнөлүк рынокко 2019 – 2020 -жылы чыгаруу пландалып жатат.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!