“Apple” кан басымды өлчөгөн фитнес-билерик чыгарат

“Apple” кан басымды өлчөгөн фитнес-билерик чыгарат
11-Июнь 2018, Дүйшөмбү, 10:07

“Жаңы түзүм “Apple Watch”тан кан басымды өлчөй ала тургандыгы менен айырмаланат”,-деп кабарлайт “korrespondent.net” сайты.

“Apple” компаниясы адамдын кан басымын өлчөгөн функциясы бар фитнес-билерик чыгарууну пландап жатат. Жаңы билерик чыгарылса да, бул функцияны мурунку сааттарга коштуруп алууга болот.

Мүнөздөмөсүндө билериктин созулмануу манжеттен, өлчөө системасынан жана интерфейстер жыйынтыгынан турары жазылган. Жаңы аппарат кан басымды тонометр принцибине ылайык өлчөйт. Бул “Apple” компаниясынын медициналык багыттагы алгачкы өндүрүшү болот.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!