Айфонду көз менен башкарууга болобу?

Айфонду көз менен башкарууга болобу?
12-Июнь 2018, Шейшемби, 10:11

Америкалык студент Мэтт Мосс мобильдик тиркеме ойлоп таап, анын кандай иштей турганын көрсөттү. Бул тууралуу “tvzvezda.ru” сайты маалыдайт.

Студент жана мыкты программист Мэтт Мосс гаджеттерди көздүн кареги менен башкарууга мүмкүн болгон тиркеме ойлоп тапты. Акыркы “iOS” жаңыртылгандан кийин ушундай программа ойлоп табуу мүмкүндүгү пайда болду.

«Көздүн кареги» операциялык системанын акыркы үлгүсүндө гаджетти көздүн карегинин кыймылынын жардамы менен башкарууга боло турган функция кошулду.

Мосс жаңы функцияны иш жүзүндө текшерип көрдү. Ал көзүндүн жардамы менен экрандагы баскычтарды кыймылдатып, телефондогу папкаларды ачкан. Ал бул колу менен башкара албаган мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга жардам болоорун айтты.

https://twitter.com/thefuturematt/status/100482130...

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!