“Instagram” глобалдык үзгүлтүккө учурады

“Instagram” глобалдык үзгүлтүккө учурады
13-Июнь 2018, Шаршемби, 14:31

“Instagram” социалдык тармагы бүтүндөй өлкөлөрдө үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу “DownDetector” маалымат булагы билдирет.

Белгилүү болгондой, колдонуучуларга "5xx Server Error" каты келип жатат. Жумуштагы проблемалар тууралуу кабарлар 18.00дөн баштап келип баштаган. Ошол эле учурда “Instagram”дын инженерлери аталган көйгөйдүн үстүндө иштеп жатышканын айтышты.

"Кээ бир колдонуучулар “Instagram”дагы жеке баракчалырына кирүүдө кыйынчылык туулганын билебиз. Биз аны чечүүнүн үстүндө иштеп жатабыз!" — делет билдирүүдө.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!