Кайсы смартфон эң көп суроо-талапка ээ?

Кайсы смартфон эң көп суроо-талапка ээ?
14-Июнь 2018, Бейшемби, 13:55

“Counterpoint Research” эксперттери дүйнөдөгү эң көп сатылган смартфонду аныктады. Азыркы убакта “Galaxy S9 Plus” смартфону ушул жылдын жаз айында сатыкка чыгып, башкы орунга ээ болду. Бул тууралуу “MacDigger” маалымат булагы билдирет.

Ошол эле учурда, ушул жылдын апрель айында “iPhone X” эң көп сатылган смартфон болуп саналып, ал алты ай катары менен жогорку орунда турган.

“IPhone X” менен бир орунда турган “iPhone 8 Plus” 2,3 пайыз сатылышка ээ. Андан кийин “iPhone 8” 2,2 пайызга жеткен.

Ошол эле учурда түштүк кореялык смартфондор "Galaxy S9 Plus жан S9” дүйнөлүк рынокто сатылышы 2,6 пайызга ээ.

“Бирок ошого карабай “Apple” эң көп сатылган түзүмдөрдүн катарында жана беш орунду ээлеп келет", - деп билдиришет рейтингдин авторлору.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!