Смартфонсуз жүрө аласызбы?

Смартфонсуз жүрө аласызбы?
11-Июль 2018, Шаршемби, 10:33

“Visible” тиркемесинин эксперттери изилдөө жүргүзүп, адамдар башын бир жума жубай жүрүшү мүмкүн экенин, бирок смартфонсуз жүрө албашын аныкташкан.

Сурамжылоого катышкан 18-34 жаш аралыгындагы адамдардын 41 пайызы бир жума баштарын жубай жүргөнгө даяр экенин айтышып, бирок телефонсуз жүрө албай тургандыктарын жашырышкан эмес. Тактап айтканда, аларга байланышта болуу жеке гигиенадан жогору турат экен.

Ошондой эле, изилдөө учурунда 54 пайызы телефон үчүн бир ай бою фильмдер менен сыналгыдан баш тартууга даяр экендиги белгилүү болду.

28 пайызы жаныбары менен бир жумага байланышты үзүүгө, 23 пайызы кофени ичүүдөн баш тартууга, ал эми 17 пайызы телефон үчүн тиш щеткасынан баш тартууга даяр экендиктерин айтышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!