«Одноклассники» текшерүү функциясын киргизди

4-Апр. 2017, Шейшемби

Биринчи жолу "Одноклассники" Санкт-Петербург шаарындагы жардыруудан кийин коопсуздук текшерүү иш-милдетин ишке киргизди. "Бул функция колдонуучуларга социалдык түйүн аркылуу Санкт-Петербургда жашаган жакын адамдарыңардын коопсуз абалда экенин текшерүүгө жардам берет. Анда аларга кат жолдоп, тийиштүү статус коюуга мүмкүн. Мындан сырткары сервистен актуалдуу маалыматтарды, аймактагы абалды жана керектүү өзгөчө кырдаалдар кызматынын телефон номерлерин алууга мүмкүн болот".- деп кабарлайт “vc.ru” сайты.

Өз кезегинде, «ВКонтакте» сайтынын администрациясы жарылуу тууралуу билдирмелерди таратууну уюштурган. Социалдык желе аркылуу жакындардын жана достордун абалы тууралуу автоматтык жооп алуу үчүн чөлкөмдөгү колдонуучуларга сунуш кылат. Бул кабарды алгандан кийин тастыктоочу жоопко: "Мен жакшымын”,- деп жазып калтырууларын өтүнүшөт.

Орусиянын мамлекеттик ТАСС жаңылыктар агенттиги жардыруудан кеминде 10 адам мерт болгонун кабарлап чыкты. Жардыруу болгон станция катары "Технологический институт", "Сенная площадь" станцияларынын аты аталууда. Шаардагы жети метро станциясы убактылуу жабылды.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!