Жакынкы келечектин унаасы

5-Апр. 2017, Шаршемби

1908-жылы “Ford” компаниясы биринчи жолу дүйнөдө “Model T” массалык автомобилдерин чыгарган. 2017-жылы компания бир да жолу дүйнөдөгү көргөзмөлөргө жаңы үлгүдөгү унааларын алып чыккан эмес. Анын ордуна америкалыктар “Келечектин шаары” деген өзгөчө идея сунушташкан. Жакынкы 10-15-жылдан кийин калдайган шаарлардын жолдору болуп көрбөгөндөй өзгөрүүлөргө ээ болот.

Дүйнөдөгү алдыңкы унаа чыгаруучу компанияга шаардын келечеги менен эмне иши бар дейсизби? “Ford” компаниясына дүйнөлүк авторыноктун 6 пайызына ээ жана ал 2,3 трлн. долларды түзөт. Баардыгы өтө жөнөкөй, келечекте шаарлардагы ыңгайлуу жана жайлуу жолдорду куруу иштерине эки эсе кымбат бааланууда, 5,4 трлн доллардан ашык каражат кетет. Бул бизнеске инвестиция салуу аркылуу акча табууга мүмкүн жолдор каралып жатат.

Баардык унаалар интернетке туташтырылат

Жакынкы келечекте баардык унаалар интернет тармактарына байланышат. "Ford” келечекте Европада сатылган баардык унааларды жабдыйт. Мисал катарында “FordPass Connect” алсак- зымсыз туташкан модем. “Ар бир унааны “4G LTE” менен жабдып ал смартфон, планшет, ноутбук, жана башка түзүмдөрдү кошууга мүмкүн болмокчу. “Vodafone” уюлдук операторунун кызмат көрсөтүүчү катары иш алып барат.

Келечек электр машиналарына жана автономдуу райдшерингдерге таандык

“Ford” компаниясынын өкүлү "келечек жеке унаалар эмес жамааттык каражаттарда",- деп баса белгилеп өттү. Азыртадан эле, америкалык өндүрүүчү рейдшеринг үчүн толугу менен өз алдынча машине иштеп чыгууга инвестиция салууда. “Ford” бул унаа түрү жакынкы 2021-жылы 5 жылдан кийин сунуш кылат.

Мындагы башкы идея шаардын тургундары айдоочусуз унааларды колдонуу болуп саналат. Мисалы, эгерде сиз борборго келе жатсаңыз, барчу жериңизди белгилесеңиз сизге өзү жүрүүчү такси келип алып кетет. Жол катар бул такси башка дагы жүргүнчүлөрдү сиз барчу жерге чейин салып кете берет. Эгерде ушундай кызмат жеке унаага караганда арзан жана ыңгайлуу болсо, анда албетте бул ийгиликтүү долбоор болуп калат. Бул ыкма аркылуу жеке унааларды токтотуп коюп, жол тыгындарын алдын алса болот.

Мындай унаага албетте жакшы “мээ” керек. Ал үчүн “Argo AI” компаниясынын адистери иш алып барышууда.

Айдоочусу бар унаалардан өзгөчөлөнүп бул унаа мас бойдон айдабайт, телефон менен сүйлөшпөйт жана башка кооптуу иштерди кылбайт. Автономдуу унаалары менен жол кырсыктары кыскарат.

Шаарлар үчүн өзгөчө унаалар

Келечектин транспорттук системасы “Ford” түшүнүгү боюнча – бул жалаң гана электр унаалары, 5G жана райдшеринг эмес. Азыртан америкалык унаа чыгаруучу компания “акыркы миля” деп аталган маселеге өзгөчө маани берүүдө.

Мисалы, логистика боюнча бул - кардардын үйүнө чейин чабарман тапшырыты берүүчү алыстык. Ал гүл же чакан белектерди берүү үчүн келсе, анда эч кандай маселе жок. Ал эми үйдүн ичине оор кутуну киргизүү керек болсо анда бул такыр башкача.

Бул маселе үчүн “Ford” компаниясы “Tricity” ойлоп табышкан. Бул электр кыймылдаткычка ээ трансформациялануучу транспорттук каражат. Чабарман (курьер) оор кутуларды ташууга керек болгон автаматташтырылган унаа. Бул каражат унаа жүрчү жолдор аркылуу эмес, жөө жүргүнчүлөр басчу жерлер аркылуу жүрөт.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!