Телефонго болгон көз карандуулуктан арылуунун жолу

6-Апр. 2017, Бейшемби

Британ окумуштуулары “Give Your Mobile The Boot” долбоорунун алкагында телефонго көз каранды болуп калгандар үчүн жаңы ыкма сунуш кылышты. Бул тууралуу Росбалт маалымат таратты.

Англияда унаа айдоочулары күн сайын унаа айдап баратып 3 млн го жакын түрдүү каттарды окуп, социалдык жана башка тармактарга жазышат. Бул жол кырсыктарынын келип чыгуусуна түрткү болот. Өлкөдөгү кабыл алынган катуу мыйзамдарга карабай адамдар телефонду колунан түшүрүшпөйт.

Ал үчүн психологдор кооптуу адат менен күрөшүү үчүн беш баскычтуу системаны сунушташкан. Андагы дем алуу көнүүгүлөрү унаа башкарып бара жатканда оюңду бир жерге топтоого, телефонго болгон көз карандуулукту түшүнүүгө мүмкүндү берет. Мындан сырткары жолго чыгуудан мурун маанилүү чалууларды аткарып, каттарды жазып жөнөтүп жиберүү керек. Андан кийин окумуштуулар сүйүктүү гаджетиңизди унаанын багажнигине салып коюуңузду сунушташат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!