Марсты колониялаштыруу Жерге коркунуч жаратат

11-Апр. 2017, Шейшемби

Марсты колониялаштыруу менен адамзат Жер планетасындагыдай иштетип жаткан таштандылар олуттуу зыян алып келиши мүмкүн. Мисалы, Жер шарынын орбитасында миңдеген тонна космостук аппараттардын калдыктары айланып турат. Окумуштуулар бул көйгөйдүү чечүү жолдорун таба элек деп кабарлайт “Росбалт”.

Кызыл планетада түрдүү изилдөө базаларын жана башка объектерди курууну пландалууда. Радио толкундар толук курчагандыктан бул да айлана-чөрөгө терс таасир берүүдө. Мындан сырткары ал жактан кен казуу иштери да жүргүзүлөрү айтылууда. Бул сыяктуу көрүнүштөр Марска гана зыян алып келбестен Күн системасындагы башка аймактарга да коркунуч жаратат.

Мурун кабарланагандай “NASA” америкалык космостук агенттиги жакынкы он жылда Марска астрономдорду кондуруу боюнча долбоорду иштеп чыгышат. “NASA”нын башчысы Чарьз Болден жакынкы он жылда АКШ планетаны толугу менен колониялаштыруу иштерин жүргүзөөрүн белгиледи.

Ал эми Айдагы базалар туурасында. “NASA” жеке компаниялар иш алып барарын көздөшүүдө. АКШнын конгресси космостук объектерден тоо-кен байлыктарын казып алуу боюнча мыйзам кабыл алды.

Өз кезегинде япондук “JAXA”космостук агентиги өз объектерин Айга-2030-жылы, ал эми Марска-2040-жылы курдурары күтүлүүдө. Колониялаштыруунун негизги себеби кен-байлыктарын казып алуу болуп саналат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!