“iPhone”го суроо-талап төмөндөдүбү?

“iPhone”го суроо-талап төмөндөдүбү?
13-Сен. 2018, Бейшемби, 10:47

АКШ жана Канада аймагындагы соода-саттыкты изилдөөнүн жыйынтыктары көрсөткөндөй “iPhone” смартфонуна суроо-талаптын төмөндөгөн. “Ceros” компаниясынын маалыматы боюнча, “iPhone” эми эң жогорку суроо-талапка ээ товар болуп саналбайт.

Эң ири “Best Buy” дүкөндөр тармагындагы соода натыйжалары көрсөткөндөй, 2016-жылы “Apple” компаниясынын эң көп сатылган товары “iPhone” эмес, “Lightning-to-USB 2.0” кабели болуп эсептелди. Бул аталган кабелдердин тез иштебей калуусуна же болбосо ээсинин жоготуп алуусуна байланыштуу, ошондуктан кардарлар аны бир учурда бир нечесин сатып алууга аракет кылышат. Ошол себептен бир смартфонго кем дегенде 3-5 кабель сатылып алынат.

2017-жылы “Lightning-to-3.5mm” узарткычынын тетиги сатыкта башкы орунга чыккан. Себеби “iPhone 7” жана “7 Plus” дизайнында наушниктерге арналган порт жок болгон. Ал эми адаптерлер менен наушниктер адатта жоголот жана иштебей калат. Ошол себептен көптөгөн колдонуучулар узарткыч тетиктин бир нече даанасын сатып алууга туура келген.

2018-жылы да “iPhone” “Apple” компаниясынын суроо-талабына ээ боло алган жок. Азыркы убакта компаниянын эң көп сатылган товары – “AirPods” зымсыз наушниктери болуп саналат. Наушник башка смартфондорго да туура келгендиктен, аны жалаң гана “iPhone” жана “iPad” колдонуучулары гана эмес, “Android”дин колдонуучулары да көп-көптөн сатып алышууда.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!