“Аpple”дин акциялары жаңы “iPhone”дун кесепетинен түштү

“Аpple”дин акциялары жаңы “iPhone”дун кесепетинен түштү
13-Сен. 2018, Бейшемби, 15:02

12-сентябрь күнү америкалык корпорация жаңы гаджетерин сунуштады, андан кийин баалуу кагаздардын баасы төмөндөй баштады.

Жаңы “iPhone” смартфону компаниянын акцияларына терс таасир берди. Баалуу кагаздар 1,3 пайызга түшкөн, азыркы учурда акция 220,94 доллар турат.

Гаджетти тааныштырган күнү акция 224,18 доллар болчу. Август айынын башында компаниянын базардагы баасы 1 трлн. долларга бааланган. Смартфондон сырткары “Apple” жаңы сааттарды да тааныштырды.

Эскерте кетсек, “Apple” компаниясынын тушоо кесеринде жаңы смартфондордун сырткы түзүлүшү "iPhone X”ке окшош экени белгилүү болду. Жана ошондой эле “Apple” компаниясы гаджеттин «бюджеттик» үлгүсүн чыгарары тууралуу кабарланган эле - ал “iPhone Xr” смартфону болду.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!