“Apple”: “iPhone X” смартфонун сатуу токтотулду

“Apple”: “iPhone X” смартфонун сатуу токтотулду
13-Сен. 2018, Бейшемби, 15:25

Чыгарылгандан бир жылдан аз убакыт өткөндөн кийин “Apple” компаниясы өзүнүн расмий сайтында “iPhone X” смартфонун сатыктан алды. Бул менен бирге Купертинонун командасы “iPhone 6s” жана “iPhone SE” смартфондорун сатууну токтотмокчу.

Ушундайча, компания 12-сентябрь күнү сунушталган үч смартфондон башка, “iPhone 7” жана “iPhone 8” үлгүлөрү гана сатыкта калды. Тактап айтканда “Apple”дин расмий сайты 3,5 мм гарнитурасы бар смартфондорду сунуштабайт.

Эскерте кетсек, чыгарылган маалдан баштап сатылышы төмөн деген болжомдорго карабастан, “Apple” компаниясынын кирешеси көрсөткөндөй “iPhone X” смартфону жакшы сатылып жаткан. Буга чейин компаниянын башкы директору Тим Кук: “Смартфон биз күткөндөн ашып түштү жана ноябрь айында сатыла баштагандан тартып, жума сайын эң көп сатылган “iPhone”го айланган”,-деп билдирген.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!