“Galaxy Note 9” аялдын сумкасынан өрттөнүп кетти

“Galaxy Note 9” аялдын сумкасынан өрттөнүп кетти
18-Сен. 2018, Шейшемби, 14:41

Окуянын жабырлануучусу Нью-Йорктун тургуну болду. Гаджет күйүп кетип аны суу менен өчүрүүгө тура келди.

Нью-Йорктун тургуну Диан Чанг “Samsung” компаниясына “Galaxy Note 9” смартфонунан чыккан өрткө байланыштуу сотко кайрылды. Бул тууралуу “CBS News” маалымат булагы маалымдады.

Аялдын айтуусу боюнча, смартфон ысып кеткенде аны сумкасына салып койгон. Бир аз убакыттан кийин ал сумкасынан «ышкырган үн менен түтүндү» байкаган. Андан улам сумканы силкип ичиндегилерди чыгарган. Ага карабастан смартфон күйө бергенинен, аны суу чачып өчүрүүгө туура келген.

Белгилүү болгондой мындай окуялар акыркы убактарда көп кайталанып жатат.

Компания буга окшош көйгөйлөр менен эки жыл мурун “Galaxy Note7” смартфону чыккандан баштап кабылып келет. Анын кесепетинен гаджет сатыктан алынган.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!