«Акылдуу» күзгү сатыкка чыкты

«Акылдуу» күзгү сатыкка чыкты
20-Сен. 2018, Бейшемби, 09:17

Эми күзгүгө карап чачты гана тарайбыз. Дүйнөгө жаңылык болгон бул күзгүгө карап адам өзүнүн денесине байланыштуу бардык маалыматты биле алат. “Naked Labs” компаниясынын бул түзүмү күзгү жана 3D-сканер кызматын аткарат.

Өз келбетиңизге карап, өзүңүздүн дене түзүлүшүңүз тууралуу маалыматты билиш үчүн күзгүнүн алдындагы сканерлөөчү платформага турасыз. Андан кийин сиздин келбетиңиздин "3D" кейпи пайда болот. Аларда сиздин денеңиздеги негизги маалыматтар жазылат. Ал эми толук маалымат ошол замат смартфонуңузга кат түрүндө келип түшөт.

Аталган күзгүнүн жардамы менен сиз так салмагыңызды билип, денеңизде канча пайыз май бар экенин көрсөңүз болот. Булчуң эттер менен буту-колдун узундугу, жалпы ден-соолугуңуз тууралуу пайыздык көрсөткүчтөр менен көрсөтүлгөн маалыматты ала аласыз.

“Naked Labs” күзгүсү жалаң гана физикалык формаңыздагы маалыматтарды берип гана койбой, онлайн соода жасаган кезде өзүңүзгө жарашыктуу кийимди алууга жардам берет. Сиз күзгүнүн алдына бир жолу тургандан кийин, маалыматтар базага кирип, сакталып калат.


Бул күзгүнүн сатыктагы баасы – 1395 доллар. Чыгарган компания келечекте бул түзүмдүн санын көбөйтүп, аны спортзалдар менен медициналык борборлорго орноштурууну пландап жатат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!