“Apple”дин жанкүйөрлөрү “iPhone XS” алуу үчүн кезекте турушат

“Apple”дин жанкүйөрлөрү “iPhone XS” алуу үчүн кезекте турушат
21-Сен. 2018, Жума, 09:34

“Apple” компаниясынын күйөрмандары “iPhone XS” жана “iPhone XS Max” смартфондорун сатып алуу максатында расмий дүкөндөрдүн алдында кезекте турушат. Социалдык тармактарда биринчилерден болуп смартфон сатып алуу үчүн кезекте турган адамдардын сүрөттөрү желдей тарап жатат. Смартфондун сатылуусу бүгүн, 21-сентябрга пландалган.

Белгилүү болгондой, “iPhone XS” жана “iPhone XS Max” компаниянын эң мыкты гаджетери болуп саналат. Алардын баасы 999дан 1099 долларга чейин турат. Ошол эле учурда бул сумма базалык нускаларга гана катыштуу.

Ал эми "LCD”-экраны менен жабдылган, арзанырак турган “iPhone XR” смартфондору бир айдан кийин 21-октябрда сатыла баштайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!