Трамп “Google”, “Twitter” жана “Facebook”ту сак болууга чакырды

Трамп “Google”, “Twitter” жана “Facebook”ту сак болууга чакырды
24-Сен. 2018, Дүйшөмбү, 14:44

АКШ президенти Дональд Трамп “Google”, “Twitter” жана “Facebook” IT-компанияларын сынга алды жана сак болууга чакырды. Бул тууралуу “С-Span” маалымат булагы “Twitter” баракчасына шилтеме берип маалымдоодо.

«Менин оюмча, "Google", "Twitter" жана "Facebook" өтө көйгөйлүү позицияларда турушат жана алар сак болуулары кажет. Бул элдин көпчүлүк бөлүгүнө катыштуу адилетсиздик»,-деди ал.

Буга чейин америкалык лидер “Трамп тууралуу жаңылыктарда” “Google” аркылуу издөөнүн жыйынтыгы жалган маалыматтар менен фейк ММКнын пикирлерин гана көрсөтөт”,- деп маалымдаган.

Ал эми IT-компаниялар Трамптын бул сөзүн жокко чыгарышты.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!