“Huawei” “іPhone” үчүн кезекте тургандарга “Power bank” таратты

“Huawei” “іPhone” үчүн кезекте тургандарга “Power bank” таратты
26-Сен. 2018, Шаршемби, 10:13

“Huawei” компаниясы “Apple” компаниясын сындады. Кытайлык компаниянын өкүлдөрү жаңы “iPhone” смартфондорун сатып алуу үчүн кезекте турган элге батарея кубаттагычтарын бекер таратышкан.

Бул окуя Сингапурда орун алган. “Huawei” өкүлдөрү тараткан белектен башка кагазга жазылган кат да бар экен. Анда мындай деп жазылган:

«Бул пауербанк. Алыңыз, бул сизге керек болору анык. Урматым менен “Huawei”!».

Бул аракет аркылуу кытайлык компания жаңы “Apple” түзүмүнүн аккумулятору начар экендигин билдирген. Ошону менен катар, бул “Huawei”дин “Apple” тарапка айтылган алгачкы сыны эмес.

12-сентябрда өткөн “iPhone” смартфондарынын таныштыруусунан кийин “Huawei” “Тwitter”деги расмий баракчасына мындай билдирүү жарыялаган:

«Мурункуну кайрадан жасап чыгаргандарыңар үчүн рахмат!»

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!