“Facebook” компаниясынын акциялары арзандап кетти

“Facebook” компаниясынын акциялары арзандап кетти
27-Сен. 2018, Бейшемби, 10:37

“Instagram” тиркемесинин негиздөөчүлөрү кызматынан кеткенден кийин “Facebook” компаниясынын акциялары арзандап кетти. Акциялар эки пайыздан ашык баасын жоготкон.

Кевин Систром менен Майк Кригер “Instagram”ды 2010-жылы негиздешкен. 2012-жылы компанияны “Facebook” желеси сатып алган. Акыркы убакта “Instagram”ды ойлоп табуучулар менен “Facebook”тун директору Марк Цукербергтин ортосунда дүйнөлүк желени ары карай өнүктүрүүгө катыштуу бир топ түшүнбөстүктөр келип чыккан болчу.


Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!