“WhatsApp”тын негиздөөчүсү: “Колдонуучуларымды саттым”

“WhatsApp”тын негиздөөчүсү: “Колдонуучуларымды саттым”
28-Сен. 2018, Жума, 17:22

Жакында “Facebook”тан “Instagram”дын негиздөөчүлөрү кетишти. Ал эми бир жыл мурун кеткен “WhatsApp” мессенджеринин негиздөөчүсү Брайан Эктон өзүнүн биринчи интервьюсун берди.

"Мен өз колдонуучуларымды жана алардын жеке маалыматтарын саттым", —дейт Эктон “Forbes” журналына берген маегинде. Кесипкер эмнеге ал жана анын шериктеши Ян Кум компаниянын маркетингдик маркасын Марк Цукербергке сатканын жана ал эмнеге корпорациядан кеткенин түшүндүрдү.

Эскерте кетсек, 2009-жылы Эктон жана Кум “ WhatsApp” тиркемесин ойлоп табышкан. Ал эми 2014-жылы аны “Facebook” 19 миллиард долларга сатып алган. Ошондон тартып биринчи Эктон, андан кийин Кум компаниядан кетишкен. Ошол убакта эле батыштын ММКры алардын кетүүсүнө Марк Цукерберг менен болгон түшүнбөстүк себеп болду деп жазышкан.

Эктон өз маегинде бул маалыматты тастыктады. Анын айтуусу боюнча Цукерберг башында эле “WhatsApp”га таргетигттик жарнама кошууну туура көргөн. Ал эми бул кабарга анын негиздөөчүлөрү каршы болушкан. Ал эми өздөрү ар бир колдонуучуга бекер кат жиберүү лимиттин киргизүүнү сунушташкан, эгер ал ашып кетсе- бир центтен аз жыйнаш керек эле. Эктондун эсептөөсү боюнча, бул кызматты актоо үчүн жетиштүү болмок, бирок “Facebook” мындай киреше масштабдуу болбойт дешкен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!