Кийинки «iPhone» «көрүнбөгөн» камераларга ээ болот

Кийинки «iPhone» «көрүнбөгөн» камераларга ээ болот
1-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 09:44

Бул тууралуу маалыматты “GF Securities” кытайлык инвестициялык компаниясынын эксперти Джефф Пу маалымдады.

Келечекте “Apple” смартфондордун алдыңкы бетиндеги камераларын бир караганда көрүнбөгүдөй кылып жасамакчы. Бул тууралуу “Inverse” маалымат булагы билдирет.

Буга чейин “Largan Precision” компаниясы (“iPhone” үчүн камера линзалары менен жабдыктаган) алдыңкы камера линзаларына арналган “кара жабууну” иштеп жатканын билдирген. Бул аны көрүнбөгөндөй кылып жасоого мүмкүндүк берет.

Өндүрүүчү смартфондорго бул технологияны 2020-жылы пайдалана алат. "Largan”нын “Apple” компаниясы менен карым-катнашы жакшы болгондуктан, келечекте “iPhone”до мындай жашыруун камералар пайда болору шек жаратпайт.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!