Билл Гейтс 170 млн доллар акчасын жер алуу үчүн коротту

Билл Гейтс 170 млн доллар акчасын жер алуу үчүн коротту
2-Окт. 2018, Шейшемби, 09:12

“Microsoft” компаниясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси Билл Гейтс 171 миллион доллар акчасын АКШда айыл чарба иштетүү үчүн жер сатып алды. Бул тууралуу 29-сентябрь күнү “Bloomberg” агенттиги маалымдады.

Белгилүү болгондой, Гейтс 14,5 миң акр жерди Түштүк Вашингтондон алган. “Land Report” басылмасы билдиргендей, жер сатуу менен алектенген адистердин айтуусу боюнча, бул 2018-жылдагы АКШдагы эң ири жер сатып алуу болуп саналат.

Сатып алуу иштери бир нече ортомчу компаниялар аркылуу жүзөгө ашырылганын белгилей кетмекчибиз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!