“Instagram” бүткүл дүйнө боюнча өчүп жанды

“Instagram” бүткүл дүйнө боюнча өчүп жанды
3-Окт. 2018, Шаршемби, 15:46

Бүгүн, 3-октябрь күнү “Instagram” социалдык желесинде глобалдык өчүп-күйүү болду. “Downdetector” сервиси тастыктагандай бүткүл дүйнөдөгү колдонуучулар тиркемеге кирүүгө мүмкүн болбой жатканын кабарлашкан.

“Instagram”га кирген кезде, экран агарып кызматтын кол жетимдүү эмес экендиги тууралуу эскертүү пайда болгон.

Ошондой эле, Кыргызстандын аймагында да мындай мүчүлүштүк болду. Ошондой эле Улуу Британия, Нидерландия, России, Беларусия, Польша, Италия, Швеция жана башка өлкөлөрдө да байкалган.

“Instagram”дагы мурунку ири өчүп калуу сентябрь айынын башында катталган. Анда Лондондун, Париждин жана Стокгольмдун тургундары социалдык тармактын ишине чагымданышкан.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!