Америкалыктар Трамптан өзгөчө маалымат алышты

Америкалыктар Трамптан өзгөчө маалымат алышты
4-Окт. 2018, Бейшемби, 10:12

АКШнын тургундары президент Дональд Трамптын атынан өзгөчө абал тууралуу эскертүү алышты. Аны АКШнын Өзгөчө кырдаалдарды жөнгө салуу тууралуу федералдык агенттиги (FEMA) жиберген.

Айта кетүү керек, Tрамптын атынан улуттук кат жиберүү алгачкы жолу жүргүзүлүп, сыналып жатат. Алуучулар эч кандай аракет кылууларынын кереги жок эле.

"Бул улуттук зымсыз шашылыш билдирүү системасынын сыноосу болуп саналат. Ал үчүн эч кандай аракет кылуу талап кылынбайт,” – делет америкалыктарга келген катта.

Өзгөчө кырдаалдар тууралуу эскертүүлөр АКШда улуттук кыйынчылык же элге кооптуу абал тууралуу эскертүү керек болгон жагдайда жиберилет. “FEMA” аларды даярдайт жана таратат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!