Смартфон менен өзгөчө сүрөт тартууга арналган 7 идея (видео)

Смартфон менен өзгөчө сүрөт тартууга арналган 7 идея (видео)
5-Окт. 2018, Жума, 12:15

Азыркы заманда сүрөткө түшүү модага айланды десек да болот. Мына ошол сүрөттөрдүн катарына өзгөчө тартылгандарын киргизүүнү кааласаңыздар төмөндөгү видеого көңүл бөлүңүздөр.

Өзгөчө фото сүрөттөрдү смартфон менен да тартууга болот. Кесипкөй фотоаппартын жардамысыз, жөнөкөй көзгө көрүнбөгөн нерселерди дүйнөгө алып келүүнүн 7 ыкмасы. Төмөндөгү керектүү 7 куралды пайдаланууну сунуштайбыз.


№1. “Фотону” панарома режимине коюп, сүрөткө түшүүрүнү басыңыз. Моделиңиз сизди айланып жүгүрсүн. Ошондо бир панаромалуу кадрда моделдин бир нече кейпин тартууга болот. Муну “панодаш” деп атайт.

№2. Унаада отуруп кете берип тажадыңызбы? Жолдо жөнөкөй панорама режими менен өзгөчө кадр түшүрсөңүз болот.

№3. Зум-объектив. Жөнөкөй бинокольди зум-объектив катары пайдаланып көрүңүз.

№4. Макрообъектив. Суу тамчысы аркылуу смартфон камерасы менен макропландагы сүрөттөрдү тартып көрүңүз. Кичинекей суу тамчысы камера ичине кирип кетет деп коркпоңуз. Бирок болушунча абай болгонуңуз жөн.

№5. Рефлектор. Унааларга арналган фольга портрет тартууга табылгыс курал боло алат (видеодон рефлектор менен жана рефлекторсуз тартылган сүрөттөрдү салыштырып көрүңүз).

№6. Штатив жана кабель. Каттуу кагаздын кичинекей бөлүгүн алып, видеодо көрсөтүлгөн ыкма брюнча форма жасаңыз. Наушникти иштетип, колдон жасалган жөлөгүч менен эң кыйын деген жерлерден сүрөт тартыңыз.

№7. Суу алдындагы кадр. Стакандын бою менен келгендей суу ичинен өзгөчө кадрларды тартууга болот. Суу менен жумуш иштегендиктен, болушунча сактык чараларына көңүл буруңуз.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!