“Google Chrome” 32 миллион түзүмдүн иштөөсүн токтотот

“Google Chrome” 32 миллион түзүмдүн иштөөсүн токтотот
8-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 14:34

“Google Chrome” браузери “Android 4.1 - 4.3 Jelly Bean” сыяктуу операциялык системаларда жумуш иштөөсүн токтотот. Бул тууралуу “IXBT” порталы маалымдайт.

Системада иштеген эң эски нуска “Android 4.4” болуп саналат. Мындай өзгөрүштөр качан болору тууралуу маалымат айтылган жок. Бирок басылманын маалыматы боюнча, “Android” операциялык системасынын базасындагы эски системада колдонуучулардын саны 32 миллионду түзөт.

“Android 4.1 Jelly Bean” 2012-жылдын 10-июль айында чыккан, ал турактуу мобилдик тиркеме катары 2012-жылдын 27-июнь айында чыккан экен.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!