“Google” өзүнүн ийгиликсиз желесин жаап таштады

“Google” өзүнүн ийгиликсиз желесин жаап таштады
9-Окт. 2018, Шейшемби, 10:18

“Google” кадимки колдонуучулар үчүн “Google+”ту жабат. Бул чечим социалдык желедеки коопсуздук системасындагы колдонуучулардын профилиндеги даректерин көрсөтүп жаткандыгы менен байланыштуу. Бирок ага карабастан колдонуучулардын жеке маалыматтарын кирип караган адам болгон эмес.

Компаниянын билдирүүсү боюнча, “Google+” азыркы убакта «эң төмөн колдонууга» ээ, желеге киргендердин 90 пайызы беш секундга гана киришет экен.

Бирок ага карабастан компания “корпоративдеги кардарларына” сервисти сактап калууну пландоодо. Ал үчүн компания, социалдык желеге кошумча жаңы коопсуздук функциясын киргизет. Мындан ары «Google» корпорациясы «корпоративдик социалдык желе коопсуздугуна» көңүл бурат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!