Хакерлер “WhatsApp”ты бузушту

Хакерлер “WhatsApp”ты бузушту
12-Окт. 2018, Жума, 09:45

“WhatsApp” мессенджерин хакерлер бузушуп, колдонуучулар видео чалууларга жооп берип жаткан кезде алардын чаттагы жазууларына кол жеткире алышты. Бул тууралуу “The Register” сайты маалымдайт.

Бул “iOS” жана “Android” колдонуучуларына катыштуу болуп жатат. Мессенджердин бул көйгөйүү август айында аныкталган. Октябрь айынын башында “WhatsApp” мессенджеринин ээси “Facebook” компаниясы бул көйгөйдү оңдоп, ишке киргизген эле. Бул тууралуу тиркемедеге техникалык баяндамада көрсөтүлгөн.

Эми бул жолу хакерлер бул техникалык мүчүлүштүк жоюлганга чейин андагы маалыматтардын алып жетишкени тууралуу маалымат жок.

“Reuters” агенттиги “Facebook” компаниясынан бул маселеге катыштуу ММКга маалымат берүүсүн суранган. Бирок компания азырынча жооп ката элек.

Сентябрь айынын аягында “Facebook” колдонуучуларынын даректеринин бир аз бөлүгүн жоготкону тууралуу билдирген. Тиркемени бузуунун натыйжасында 50 миллионго жуук аккаунттун даректери хакерлердин колуна түшкөн.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!