“Samsung” өз смартфондорунан эң маанилүү элементти алып таштайт

“Samsung” өз смартфондорунан эң маанилүү элементти алып таштайт
12-Окт. 2018, Жума, 11:44

“Samsung” кийинки жылы өзүнүн “Galaxy” сериясындагы флагманынан наушникке арналган уячаны алып таштоону пландап жатат. Бул тууралуу “Android Authority” порталы кабарлады.

Келечектеги моделдерде наушникти “USB-TypeC” портко же болбосо узарткыч тетик аркылуу кошууга болот.

Эсиңизде болсо, “Apple” компаниясы 2016-жылы эскирген ыкма деп, “iPhone 7” моделинен наушникке арналган 3,5 мм портту алып таштаган эле. Анын ордуна “AirPods” зымсыз наушниктерин сунуштаган. Көптөгөн колдонуучуларга бул идея жакпаганы менен “iPhone”дун колдонуучулары “Lightning” арналган узарткыч тетикти колдонуга туура келген.

Ушундан кийин телефон өнүрүүчүлөрү “Apple” компаниясы менен иштешип кетишкен. Эми “Samsung” компаниясы кайрадан эле жаңы смартфондордун дизайнында ушул идеяны карманышат. “Android Authority” маалымат булагы 2019-жылы күзүндө жарыкка чыга турган “Samsung Galaxy Note 10” смартфонунда көпчүлүк көнүп калган наушниктерге арналган уяча болбой турганын маалымдоодо.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!