“Samsung Galaxy А9”: 4 камерасы менен таң калтырды

“Samsung Galaxy А9”: 4 камерасы менен таң калтырды
15-Окт. 2018, Дүйшөмбү, 13:28

Малайзияда “Samsung” компаниясы “Galaxy А9” смартфонун тааныштырды. Таң калычтуусу жаңы түзүм 4 негизги камерага ээ. “А9 Samsung”тун орточо сегменттеги башкы смартфон аталды – баасы “Galaxy A7”ден кымбат, бирок “Galaxy S9” менен “Galaxy Note 9” флагмандарынан арзан. Ошентсе да “А9” дизайны кымбат моделдердикине окшош.

2200х1080 тактыктагы “Super AMOLED” дисплейинин диагоналы – 6,28 дюйм (15,9 сантиметр). Баардык флагмандар сыяктуу “А9” “Always on Display” функциясына ээ. Ал аркылуу саат, кат сыяктуу бир карап көрүүгө мүмкүн болгон маалыматтарды смартфонду “күйгүзбөй эле” көрүүгө болот.

“Samsung А9”дун эң башкы өзгөчөлүгү – негизги 4 модулдуу камералары. Биринчи модуль сүрөткө 24 мегапиксель тунуктукта тартат, диафрагмасы f / 1.7 (OIS). Көбүнчө дал ушул модуль колдонулат. Оптикалык стабилизациясы жакшы, бирок “Galaxy S9”га караганда алсыз.

Экинчи модуль 8 мегапиксельден турат. Бурчу – 120 градус, f /2.4. Бул модуль көп же чоң объектерди батырганга жакшы, тактап айтканда панорама режиминде колдонулат.

Үчүнчү модуль 5 мегапиксельге (f /2.4) ээ. Анын негизги кызматы – сүрөт фокусун тартуу. Телефото-объектив болуп эсептелген төртүнчү модуль 10 мегапиксельге (f /2.2) ээ, ал 2 эсе оптикалык зумду камсыз кылат.

Фронтал камера болсо, 24 мегапикселде тартат. Көпчүлүк бул 4 камераны маркетингтик амал деп жатышат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!