Ушул жылы чыккан эң мыкты 5 смартфон

Ушул жылы чыккан эң мыкты 5 смартфон
23-Ноя. 2018, Жума, 16:57

2018-жыл да өз соңуна чыгып келе жатат. Аны менен кошо жыл жыйынтыгы боюнча эң мыктыларды тандоого да кезек келип жетти. Быйыл беделдүү компаниялар өз флагмандары менен бюджеттүү смартфондорун жаңыртышты.

2018-жылы сатыкка чыккан мыкты топ-5 смартфондорду сунуштайбыз.

“Samsung Galaxy S9”

Бул смартфон 2018-жылы эң көп аталган смартфон болду окшойт. “Samsung Galaxy S9” дал убакгында чыкты, мартта, анын аркасынан жарым жыл бою мыкты дисплейи, мыкты жабдык, ылдам процессор үчүн рейтингтердин башында турду. Смартфондун эс тутуму 4/6, негизги эч тутуму 128/256 GB болгон “Exynos 9810” процессору орнотулган.

“Huawei P20 Pro”

“Huawei” флагманы “P 20 Pro” 2018-жылдын бирден бир смартфону болду. Ал смартфондор арасындагы мыкты камера менен жабдыкталып,жаңы тепкичке чыга алды. Анын “Leica” камералары 40 MP, 20 MP, 8 MP 3 модулдан турат. “Dxomark” рейтингинде аталган смартфон азыр деле биринчи орунда турат.

“Xiaomi Pocophone F1”

“Xiaomi Pocophone F1” – 2018-жылы чыккан баа менен сапаты жагынан эң мыкты смартфон. 300 долларлык кытайлык брендке “Qualcomm Snapdragon 845” процессору орнотулган. Андан сырткары: “AMOLED” дисплейи, оптикалык стабилизациясы бар эки модулдуу камера жана автономдуу аккумулятору бар.

“iPhone XS Max”

“iPhone XS Max” – “Apple”дин тарыхындагы эң жакшы смартфон. Бул – “iPhone” тарыхындагы эң көлөмдүү смартфон. Салмагы – 208 грамм, калыңдыгы – 7,7 мм. Экрандын көлөмү – 6.5 дюйм. Смартфондун камерасы ар бири 12 мегапиксельдик 2 модулдан турат. Фронталдык камерасы – 7 мегапиксель.

“Google Pixel 3 XL”


“Google” компаниясы “Pixel 3 XL” смартфонун октябрда чыгарган эле. Ага карабастан смартфон көпчүлүктүн назаын бура алды. Бул “Google”дун өзу жасаган алгачкы смартфону. Буга чейинмодельдер кытайлык инженерлердин жардамы менен жасалган эле. Дисплейдин диаметри – 6,3 дюйм. Эс тутуму 4 GB, негизги эс тутуму 64/128 GB “Qualcomm Snapdragon” 84 чипсети түзөт, ал эми маалыматтарды “Titan Security” чиби коргойт. Смартфондун негизги өзгөчөлүгү – 12,2 MP камерасы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!