“iPhone”догу анимодзилер жаныбарлардын добушун чыгарат

 “iPhone”догу анимодзилер жаныбарлардын добушун чыгарат
27-Ноя. 2018, Шейшемби, 10:10

«Apple» анимациялык быйтыкчалардын добуш чыгаруу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет.

Анимациялык быйтыкчалар колдонуучунун оозунун кыймылын туурап ага кошуп добуш да чыгармакчы. Мисалы, анимодзи иттер кадимки ит сыяктуу үрө алат. Бул технология ушул жылдын февраль айында патенттелген.

Эскерте кетсек, анимодзилерди 2017-жылдын сентябрь айында “iPhone X” менен бирге сунушталган. Анимацияланган быйтыкчаларды иштетүү үчүн сизге “Face ID-ге” арналган “True Depth” камерасы керек.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!