Кийинки “iPhone”дор соода-сатык согошуна байланыштуу кымбатташы мүмкүн

Кийинки “iPhone”дор соода-сатык согошуна байланыштуу кымбатташы мүмкүн
28-Ноя. 2018, Шаршемби, 13:35

Өндүрүчүлөр Кытайдан алып келинген товарларга салык киргизүүнүн эсебинен электрониканын баасын көтөрүшмөкчү.

Кийинки “iPhone” АКШ менен Кытайдын ортосундагы соода-сатык согуштарына байланыштуу баа кымбаташы мүмкүн. Бул тууралуу Дональд Трамптын “Wall Street Journal”на берген маегин “CNET” маалымат булагы кабарлады.

Трамп Кытайдан алынып келинген электроникага салык салышымүмкүн. Тактап айтканда, бул “iPhone” жана “MacBook”ка таасир берет. Бул абалда “Apple” ар бир түзүмдүн өз баасына 10 пайыз төлөш керек болот. Бул өз кезегинде электрониканын баасы арттырат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!