“Microsoft” “Apple”дан таажыны артка алды

“Microsoft”  “Apple”дан таажыны артка алды
29-Ноя. 2018, Бейшемби, 10:59

8 жылдан кийин алгачкы жолу “Apple” корпорациясы “Microsoft”го жол узатты. “Apple” 2010-жылдан баштап капиталдаштыруу көрсөткүчү боюнча 1-орунду ээлеп келген. Бирок, “Microsoft” биринчи орунга ээ болсо да, триллионго жетпейт, корпорациянын капитализациясы - 753 миллиард доллар турат.

Ноябрь айынын башында “Apple” компаниясы дүйнөдөгү эң кымбат компания статусунан айрылып, ордун “Microsoft”го бошотуп берген. Эгер 2018-жылдын башында “Apple” 1 триллион доллар турса, ал эми “iPhone XS”, “iPhone XS Max” жана “iPhone XR”ди чыгаргандан кийин 747 миллиар долларга чейин түшкөн.

Рейтингдин үчүнчү жана төртүнчү орундарында - 773 жана 732 миллиард доллар менен “Amazon” жана “Alphabet” турат.

Тегдер:
Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!