"Apple" “iPhone”догу башкы көйгөйдү чечтиби?

6-Дек. 2018, Бейшемби, 09:44

“Apple”дин инженерлери “iPhone”догу эн башкы көйгөйдү чече алышты. Ал смартфондун суук аба ырайында өчүп калышы. Компаниянын жаңы ойлоп табуусу эң катуу суук күндөрү да иштей бермекчи.

“Apple” компаниясы батареяларды кошумча кабат менен бирге жыйноонун жаңы ыкмасын даярдады. Бул батареянын сырткы таасирлерге чыдамдуулугун арттырат жана төмөн температурада батареянын жумушун жакшыртат.

Албетте, азыркы замандагы аккумуляторлорду изоляциялоочу кабат каралган. Бирок көбүнчө бул түзүмдөрдө түндүк аймактардыгы климатты оор боло турган факторду эске албайт. Кошумча изоляция кабатын кошуу түзүмдү батареядагы калптуу химиялык реакцияларды камсыз кылып, батареянын температурасын кармап, өздүгүнөн токтотууга жол бербейт.

Эмнеге “iPhone” суукта өчүп калат?

Батареялардын көлөмү кичирейген сайын,алар сырткы таасирлерге карата туруктуулугу жоголот, ошонукдтан муздакта өчүп калат. Бул жагдайда өтө оор зыян тартып калуу коркунучун азайтуу үчүн түзүм 50 пайыз же андан да көп зарядалган болсо да өчүп калуусу мүмкүн.

Буга чейин “Apple” бул көйгөйдү чечүү үчүн “iOS 10.2.1” версиясынын иштөөсүн азайтышкан. Бирок бул колдонуучулар тарабынан наразычылык туудуруп, жыйынтыгында “iPhone”дор жай иштеп калган.

2019-жылы “iPhone”дор таптакыр жаңы батареяларга ээ болуп, өтө төмөн температурада да иштей алышмакчы.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!