Жаңы “iPhone”дордо чехол-кубаттагыч кошулуп берилет

Жаңы “iPhone”дордо чехол-кубаттагыч кошулуп берилет
7-Дек. 2018, Жума, 10:29

Операциялык системада смарт-сааттар жаңы аксессуарлардын чыгуусун көрсөтө турган виджет пайда болду.

Рамкасы жок “iPhone”го чехол-кубаттагыч кошулуп берилет. Бул тууралуу “9to5mac” маалымат булагы билдирет.

“WatchOS 5.1.2”нин бета-нускасы жаңы аксессуардын чыгышына түрткү берди. Анда жаңы чехол-кубаттагыч виджети пайда болду. Ошондой эле, акылдуу сааттар андагы энергия корун көрсөтүп турат.

Басылма “Apple” “iPhone X”, “XR”, “XS” жана “XS Max” үчүн үч кубаттагыч-чехол чыгарарын кошумчалады. Буга чейинки түзүм “iPhone 6”, “6S” жана “7”де колдонулат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!