Инстаграмда үн коштогон жаңы функция пайда болду (видео)

Инстаграмда үн коштогон жаңы функция пайда болду (видео)
11-Дек. 2018, Шейшемби, 10:24

Эми сиз вотсап сыяктуу эле Инстаграмдан досторуңузга, туугандарыңызга үн коштоп билдирүү жибере аласыз. Бул боюнча 10-декабрда “TechCrunch” интернет басылмасы билдирди.

Досуңузга каалоо-тилек же маанилүү үн кабарларын жиберүү үчүн, текст жазган кнопка микрафонун басуу керек. Үн менен билдирүү жиберүүнүн убактысы бир мүнөттү түзөт. Ошондой эле, ал билдирүүнү улам-улам угууга болот. Анткени, ал сиздин баракчаңыздагы “история” функциясында сакталып калат.

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!