2018-жылы «Яндексте» эң көп изделгендер

2018-жылы «Яндексте» эң көп изделгендер
12-Дек. 2018, Шаршемби, 11:41

«Яндекс» издөө системасы өтүп бара жаткан жылдын жыйынтыгын чыгарып, россиялыктарды кайсы тема көп кызыктырганын аныктады. 12 айдын эң башкы темасы бул футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат болгон.

Мындан сырткары, издөө ситемасынан Пхёнчханда өтө турган кышкы Олимпиада тууралуу, «Зимняя вишня» соода борборунда болгон өрт боюнча, Хабиб Нурмагомедов менен Конор Макгрегордун мушташы жана ошондой эле Россиянын президеттик шайлоосу тууралуу көп издешкени белгилүү болду.

2018-жылы россиялыктардын арасында эң белгилүү инсан россиялык футбол командасынын мурунку дарбазачысы Игорь Акинфеев болду. Андан ары Хабиб Нурмагомедов, футболист Артем Дзюба, Хорватиянын президенти Колинда Грабар-Китарович жана фигурист Алина Загитова турат.

Эн популярдуу фильм деп «Мстители: Война бесконечности» аталды. Экинчи орунда «Дэдпул-2», ал эми үчүнчүдө — «Движение вверх». Эң популярдуу телесериал «Мажор» болду.

Мындан сырткары, технология жаатында көп изделгендер:

1 - Huawei Honor 10

2 - Apple iPhone XS и iPhone XR

3 - Huawei P20 Pro

4 - Xiaomi Redmi Note 5

5 - Huawei Honor 9 Lite

6 - Samsung Galaxy S9

7 - Yeni Lada Granta

8 - Huawei P20 Lite

9 - Huawei Honor 8X

10 - Samsung Galaxy A6

Эскертүү: Сайтыбыздагы маалыматтарды колдоноордо, биздин сайтка ссылка көрсөтүүнү унутпаңыздар!